Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Баткен: прокурордун өлүмү боюнча ишти президент жеке көзөмөлүнө алат


Шектүү Мелис Калыков (сол жаткан биринчи).
Шектүү Мелис Калыков (сол жаткан биринчи).

Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча ишти президент Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алмай болду. Мындай маалыматты Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүү катары кармалып турган Мелис Калыковдун апасы Гүлбара Абдирашитова 22-феварлда “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Мелис Калыковдун жакындары Сооронбай Жээнбековго 20-февраль күнү кайрылган. Бул күнү президент Кадамжай районунун жашоочулары менен жолугууга барган.

Кайрылууда маркумдун жакындары бул иш боюнча калыс тергөө жүрбөй, шектүүнү кармоо учурундагы мыйзам бузууну соттор адилет карабай жатканы, чогуу аңчылыкка чыккан прокурорлордун бирине да иш козголбогону тууралуу даттанышкан.

- Кайрылууну угуп, арызды кабыл алган президент бул ишти жеке көзөмөлүнө алууга убада берди, - деди Мелис Калыковдун апасы Гүлбара Абдирашитова.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылдын 18-ноябрында Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG