Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Ирина Карамушкина: Атамбаевди колдогондор кысымга кабылууда


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясында Алмазбек Атамбаевди колдогондор азчылыкты түзөт. Бул тууралуу партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

- Бүгүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясында экс-президент Атамбаевди колдогондор азчылыкты түзүп калды. Бизди колдогондор көп, бирок кайсыл бир жагдайлардан улам алар аны ачык билдире албай жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Атамбаевди колдогондорго карата кысым көргөзүлүп, айрым депутаттардын туугандарына УКМК жана Эсеп палатасы текшерүү менен келип жатканын билдирди.

Бишкекте Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү басма сөз жыйынын өткөрүп жатышат. Ага партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын катчылыгынын жетекчиси жана партиянын башка мүчөлөрү катышууда. (KR)

XS
SM
MD
LG