Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Кыргызстандын тышкы иштер министринин Кытайдагы расмий сапары уланууда


Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын коммерция министри Чжун Шань менен жолугушту.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын коммерция министри Чжун Шань менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдагы расмий сапарынын алкагында бул өлкөнүн Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хэ Линфэн менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун алкагында министрлер экономика жана инвестиция жаатындагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө баарлашып, Кытайдын "Бир куур - бир жол" долбоорунун алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

21-февралда Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын коммерция министри Чжун Шань менен жолуккан. Анда эки министр Кыргызстандын товарларын Кытайга экспорттоо тууралуу маселелерди талкуулаган.

Андан мурун Айдарбек Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) баш катчысы Владимир Норов менен да жолукканы кабарланган. Анда быйыл Бишкекте өтө турган ШКУнун жыйынына даярдык тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн.

Тышкы иштер министри расмий сапарынын алкагында Кытайда окуп жүргөн кыргыз студенттери менен да жолукканы кабарланды. (KR)

XS
SM
MD
LG