Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Министрдин орун басарынын пара иши боюнча тергөө уланууда


Пара менен кармалганы кабарланган министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев.
Пара менен кармалганы кабарланган министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев.

Пара менен кармалганы кабарланган транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча тергөө уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

2018-жылдын 5-декабрында министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганы кабарланган. Андан кийин Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул окуя үчүн мурдагы министр Жамшитбек Калиловду катуу уяткарган. Көп өтпөй министр өз арызы менен кызматтан кеткен.

Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган. (KR)

XS
SM
MD
LG