Айыл чарба министрлигинде иштеген беш миң кызматкерди беш жүзгө чейин кыскартса болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өтүп жаткан органикалык айыл чарбасынын абалын өнүктүрүү боюнча конференция учурунда Кыргызстандагы Күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев билдирди.
- 2017-жылы Айыл чарба министрлигине 1 млрд. 700 млн. сом бөлүнүптүр. Анда 5 миң киши иштейт. Биз коммунизмден капитализмге 1991-жылы өттүк элек, бирок министрликте коммунизм калып калгандай эле болуп көрүнөт. Ал жакта 5 миң киши эмне кылып жатканын билбейбиз. Азыр кызматкерлердин санын 5 миңден 500гө чейин аутсорсинг аркылуу түшүрсөк болот. Министрликтин көп милдеттерин жеке менчик компанияларга берип салсак болот. Эки миңдей киши суу башкармалыгында иштейт экен. Аларга буга чейин берилип келген айлыктын ордуна автоматтык түрдө ачылып жабыла турган шлюздарды орнотсок, алар өзүн 1-2 жылда эле актап коймок, - деди Тилек Токтогазиев.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигиндеги кадрлардын саны буга чейин эле нааразылык жаратып келген. Учурда бул министрликте кыскартылгандан кийин 4,5 миң кызматкер калган. Ага чейин 5 миңден ашуун адис иштеген. (KR)