Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Венесуэла Бразилия менен чек арасын жапты 


ЮСАИД уюмунун Венесуэлага жиберген жүгү Венесуэла менен Колумбиянын чек арасына жакын жерде токтоп турат. 16-февраль, 2019-жыл.
ЮСАИД уюмунун Венесуэлага жиберген жүгү Венесуэла менен Колумбиянын чек арасына жакын жерде токтоп турат. 16-февраль, 2019-жыл.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөгө чет элден гуманитардык жардамдын киришине жол бербеш үчүн Бразилия менен чек арасын жапты. Буга чейин ушундай эле максатта Колумбия менен чек ара жабылган.

Жакында Мадуронун бийлигин таануудан АКШ жана башка бир нече мамлекет баш тарткан.

Негизинен Венесуэланын тургундары үчүн АКШдан жиберилген тонналаган азык-түлүк жана дары-дармектер учурда чек арага жакын жердеги Колумбиянын Кукута шаарындагы кампаларда сакталууда.

Мадуро өлкө эли "кайырчы эмес" деген негизде жана "гуманитардык жардам жеткирүү шылтоосу менен америкалык аскерлер кириши мүмкүн" деп АКШнын жүгүн өткөрүүдөн баш тартууда.

Бразилиянын вице-президенти Антониу Гамилтон Моурау AFP агенттиги менен болгон маегинде "АКШ Венесуэлага аскер киргизиши мүмкүн" деген ойду негизсиз деп баалады.

АКШ, бир катар Батыш жана Латын Америка мамлекеттери убактылуу президент катары тааныган Венесуэланын Улуттук Ассамблеясынын жетекчиси, оппозиция лидери Хуан Гуайдо элди Мадуронун режиминин күч колдонуу тууралуу коркутууларына карабай, 23-февралда гуманитардык жардамды өткөрүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Гуайдо аны кантип ишке ашыра турганы ачык эмес. Анын тарапкерлери жардамга миңдеген ыктыярчыларды, анын ичинде дарыгерлерди, медайымдарды, жөнөкөй жарандарды тартканы айтылууда.

Акыркы жылдарда Венесуэла экономикалык-социалдык кризисти баштан кечирүүдө. Өлкө гиперинфляцияга кептелип, турмуш-тиричиликке керектүү азык-түлүктүн жана башка каражаттардын жетишсиздиги байкалып жатат.

АКШ Венесуэлага жакынкы күндөрдө дагы үч учакка жүктөлгөн гуманитардык жардам жибериле турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG