Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Венесуэладагы куугунтук элдин үшүн алды


Демонстранттар менен полициянын кагылышы. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.
Демонстранттар менен полициянын кагылышы. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.

Венесуэлада жарандык активисттердин айтымында, жыл башынан берки акцияларда өлгөндөрдүн саны кырктан ашты. Анын көбү укук коргоо органдарынын колунан ажал тапкан.

Каракастын жакыр району - Ла-Вегестин 29 жаштагы жашоочусу Жонни Годой “Биз кимбиз? Венесуэла, биз эмнени каалайбыз? Акмактын баласы Мадуро, кет!” деген видеону “Твиттерге" жүктөгөн.

Эки күндөн кийин беткапчан куралдуу полиция кызматкерлери аны кармап кетип, көчөдө атып салышканы маалым болду.

- Биз тажия учурунда Жонни Годойду көрсөткөн жокпуз. Анткени ал таанылбай калган. Биз да ошолбу же башка адамбы деп башында билген жокпуз. Анын татуировкасынан гана тааныдык. Анткени аны күйгүзүп салышкан, - деди Жонни Годойдун тууганы Марвелис Паредес.

Ок Годойдун курсагына жана бутуна тийген, атаардан мурда оозуна чүпүрөк тыгып, тумчуктурушкан. 29 жаштагы жигиттин жакындары Годойду оппозицияны колдогон видеосу үчүн өлтүрүп кетишти деп эсептешет.

Оппозициянын жактоочулары. 2-февраль, 2019-жыл
Оппозициянын жактоочулары. 2-февраль, 2019-жыл

Жонни Годойдун өлүмү Венесуэланын жакыр райондорунда жашаган элди сестентти. Адатта бийликтеги социалисттерди жана азыркы президент Николас Мадурону карапайым адамдар көбүрөөк колдоп келген. Акыркы кездеги экономикалык гиперинфляциядан, азык-түлүк жана дары-дармектин тартыштыгынан бул катмардын да бийликке ишеними кете баштаган.

- Биз элдин үшүн алуу, террор болуп жатканын айтып жатабыз. Бул аракеттерди мамлекеттик терроризм катары бааласа болот. Мыйзамсыз иштер элде коркуу сезимин пайда кылууда. Анткени өкмөт анын аракеттерин колдобогондор көпчүлүктү түзөрүн билгени үчүн ушул кадамга барууда, - деди Венесуэладагы адам укуктары боюнча билим берүү программасынын координатору Рафаэл Узкатеги.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро өз жактоочулары менен.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро өз жактоочулары менен.

Аталган уюм январь жана февраль айындагы социалист президент Николас Мадурого каршы акцияларда кармалган адамдардын саны 700дөн ашканын билдирди.

Ал эми оппозиция үстөмдүк кылган парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн президент деп жарыялаган 23-январдан берки акцияларда кеминде 43 киши набыт болгон.

Укук коргоочулар каза тапкан адамдардын айрымдары атайын күчтөрдүн, улуттук полициянын жана тандамал аскер бөлүктөрүнүн колунан өлгөнүн билдиришүүдө. Алардын айтымында, учурда шаар-кыштактардагы жакырчылыкка нааразы жаштардын үшүн алуу, куугунтук жүрүп жатат.

Маселен, жакыр кварталдарда 35 адам өлтүрүү фактысы катталган, алардын көбү түн ичинде болуп, сегиз кишини тандамал аскер бөлүктүн кызматкерлери көзүн тазалаганы аныкталган.

Венесуэланын ички иштер министри Диосдадо Кабельо жана коргоо министри Падрино Лопес күч органдары атайылап киши өлтүрүүгө барат деген дооматтарды четке кагууда. Алар Конституцияны жана адам укугун коргоп жатабыз деп билдиришти. Бирок буга чейин башкы прокурор Улуттук гвардиянын сегиз кызматкери төрт карапайым адамды өлтүрүүгө шек саналып кармалганын жарыялаган. Ошол эле кезде Башкы прокуратура жалпы курмандыктар боюнча үн катпай келет.

Жогорудагы фактылар жарандык активисттер бийликти демонстранттардын өлүмү үчүн айыптаган биринчи учур эмес. Венесуэладагы адам укуктары боюнча уюмдун жыл башындагы баяндамасында 2018-жылы тандамал аскер бөлүктөрү 200дөн ашык адамдын өлүмүнө тиешеси бар экенин билдиришкен.

Өзүн убактылуу президент жарыялаган Хуан Гуайдо.
Өзүн убактылуу президент жарыялаган Хуан Гуайдо.

“Хьюман Райтс Вотч уюму” да 2014-2017-жылдар боюнча баяндамасында Венесуэланын коопсуздук күчтөрүнүн кыянат иштери тууралуу маалымдашкан.

Анда Foro Penal деп аталган жарандык топтун “2014-жылдан бери өкмөткө каршы акцияларда 13000ден ашык адам камалган” деген маалыматы келтирилген.

Венесуэлалык адвокат Тамара Сужу жетектеген, Прагада орун алган CASLA деп аталган уюм АКШнын эл аралык кылмыш сотуна Венесуэлада 2014-жылдан бери 536, ал эми өткөн жылы 106 адамдын кыйноого алынганы тууралуу баяндамасын тапшырган.

Венесуэлада бир айдан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Оппозиция лидери Хуан Гуайдонун бийлигин АКШ, Канада, Евробиримдик баш болгон ондогон мамлекеттер тааныган. Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG