Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Москва соту америкалык Пол Уиландын абак мөөнөтүн 28-майга чейин узартты


Пол Уилан Москвадагы сот жараянында. 22-январь, 2019-жыл.
Пол Уилан Москвадагы сот жараянында. 22-январь, 2019-жыл.

Москвада сот тыңчылык боюнча айыпталып жаткан америкалык жаран Пол Уиландын камак мөөнөтүн узартты. 22-февралда Москванын Лефортов райондук соту Пол Уиландын адвокатынын аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчүн четке кагып, америкалык жаранды 28-майга чейин камакта калтырды. Адвокат Владимир Жеребенковдун айтканына караганда, Федералдык коопсуздук кызматы Пол Уиландын ишин тергөөнү 28-майга чейин узарткан жана соттон да аны ушул күнгө чейин камакта калтырууну өтүнгөн.

АКШнын жарандыгынан тышкары Ирландия, Канада жана Британиянын жарандыгын алган Пол Уилан Орусияда былтыр 28-декабрда камакка алынган. Ал "тыңчылык кылган" деп шек саналууда.

Орусияда мындай кине коюлгандар 20 жылга чейин соттолот. Анын үй-бүлөсү Уилан тыңчы эмес экенин, ал Москвага үйлөнүү үлпөтүнө катышуу үчүн барганын билдирүүдө. Орус бийлиги ага коюлган айып тууралуу толук маалымат бере элек.

48 жаштагы Пол Уилан Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан "BorgWarner" аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген. Мичиганда жашаган америкалык жаран кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

XS
SM
MD
LG