Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Москва АКШ жаранын камакта калтырды


Пол Уилан Москвадагы соттук жараянда, 22-январь 2019-жыл.
Пол Уилан Москвадагы соттук жараянда, 22-январь 2019-жыл.

Москва соту тыңчылыкка шек саналып жаткан америкалык жаранды күрөөгө бошотуудан баш тартты. Шейшембидеги соттук жараяндан кийин анын адвокаты өз кардары айыптарды четке кагарын айтып, аны кимдир бирөөлөр атайылап тузакка түшүргөнүн ишара кылды.

Орус тарап Уилан тыңчылык кылып жаткан учурда кармалганын билдирген.

22-январда Москва шаарынын соту тыңчылык боюнча айыпталып жаткан америкалык жаран Пол Уиланды күрөөгө бошотуу жөнүндө жактоочуларын арызын карап, аны канааттандырган жок. Натыйжада ал 28-февралга чейин камакта калмай болду.

Пол Уилан соттук отурум учурунда өзүнүн байлыгы жана коюлуп жаткан айыптар боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартканын The Daily Telegraph басылмасы "Твиттер" аркылуу кабарлады.

"Интерфакс" жаңылыктар агенттигинин маалыматы боюнча, сотко АКШнын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери катышты.

Уиландын бөгөт чарасы каралган сот жараянынан кийин анын адвокаты Владимир Жеребенков өз кардары атайылап пландалган аракеттин курмандыгы болгонун айтты.

Ал Пол Уилан өз колуна тийген флеш-картада жашыруун маалымат бар экенин билбегенин ишара кылды:

Адвокат Владимир Жеребенков.
Адвокат Владимир Жеребенков.

- Пол мамлекеттик сыр деп саналган маалыматтар жүктөлгөн флеш-карта алган. Ал чынында жашыруун эмес маалыматтарды алышы керек эле. Алар маданий нерселерге, Полдун эс алуусуна байланыштуу материалдар болчу.

Адвокат өз кардары бардык айыптарды четке кагарын, орус тарап иштин документтеринин беш пайызга жетпеген бөлүгүн гана жактоочу тарапка таанышуу үчүн бергенин кошумчалады. Шейшембидеги сотту утурлай АКШнын Москвадагы элчилиги консулдун Уилан менен жолугуша албаганына камтамачылыгын билдирди.

48 жаштагы Пол Уилан - Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан "BorgWarner" аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеп келген. Мичиганда жашаган америкалык жаран кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

Американын жарандыгынан тышкары Ирландия, Канада жана Британиянын атуулдугун алып жүргөн Уилан 28-декабрда Москвада кармалган. Анын үй-бүлөсү Уилан тыңчы эмес экенин, ал Москвага үйлөнүү үлпөтүнө катышуу үчүн барганын билдирип жатат.

Мурдараак Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Москвадан Уиландын камалышы боюнча түшүндүрмө талап кылган.

Бирок Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы америкалык жаран тыңчылык кылып жаткан учурда кармалганына ишендирүүдө. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, 10дон 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Уилан дипломатиялык жүрүштөрдө курал катары колдонулбай турганын айткан:

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

- Орусияда эч качан адамдар дипломатиялык мамилелерде оюнчук катары колдонулган эмес. Орусияда тыңчылыкка шектелген адамдарга карата туруктуу түрдө контр-чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Бул анык. Бирок эч ким адамдарды курал катары колдонгон эмес.

Азырынча орус бийлиги Уиланга коюлуп жаткан тыңчылык айыптары боюнча толук маалымат бере элек. Бирок "Росбалт" басылмасы ал Кремлдин жанындагы "Метропол" мейманканасындагы бөлмөсүндө Орусиянын аты белгисиз коопсуздук агенттигинин кызматкерлеринин тизмеси жүктөлгөн флеш-картаны алып жаткан учурда кармалганын өз булактарына таянып кабарлады.

Кантсе да Пол Уиландын окуясы Орусиянын АКШ, Британия сыяктуу Батыш өлкөлөрү менен мамилеси чыңалып турган учурга туш келди. Ал кармалардын алдында АКШнын өзүндө орусиялык Мария Бутина Кремлдин агенти катары иш алып барганын мойнуна алганы белгилүү болгон.

Айрым орус аткаминерлери Уиланды Бутина сыяктуу Америкада кармалган орусиялыктарга айырбаштаса болорун айтышууда. Бирок орус тышкы иштер министри Сергей Лавров андай мүмкүнчүлүктү четке какты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG