Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:06

Москва "тыңчы" деп айыптаган Пол Уилан


Пол Уилан.
Пол Уилан.

Москвада америкалык жаран Пол Уиланга тыңчылык боюнча айып коюлду.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 48 жаштагы Пол Уиланды 28-декабрда Москвада кармаган.

Америкалык жарандын камакка алынганы, ага "Тыңчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгону 31-декабрда гана белгилүү болду. Орусиянын мыйзамы боюнча ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Адвокат Владимир Жеребенков Уиланга тыңчылык боюнча расмий айып тагылганын, ал өзү күнөөнү мойнуна албай турганын билдирди.

2-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Москвадагы америкалык дипломаттарга Уилан менен жолугушууга уруксат берүүнү, анын кармалышы боюнча так түшүндүрмөнү талап кылды.

- Мен аны эмнеге айыптап жатышканын билем. Эгерде мындай айыптоолор негизсиз болсо, биз анын тез арада бошотулушун талап кылабыз, - деди ал.

Ошондон кийин гана Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман "Лефортово" тергөө абагында камакта отурган Пол Уилан менен жолугууга мүмкүнчүлүк алган.

«Росбалт» агенттиги Орусиянын атайын кызматындагы маалымат булагына таянып, Пол Уилан "Метрополь" мейманканасында мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган, Орусиянын бир жашыруун мекемесинин кызматкерлери тууралуу маалыматы бар флеш-картаны алган кезде кармалганын жазган. Бирок Орусиянын расмий органдары бул иш боюнча толук маалымат бере элек.

Пол Уилан 1970-жылы Канаданын Оттава шаарында төрөлүп, кийин АКШга көчүп кеткен. Айрым маалымат каражаттары Канада Пол Уиланды өз жараны катары тааныганын жазышууда.

Пол 1990-жылдары Мичиганда жашаган кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн. "Washington Post" гезитинин маалыматы боюнча 2004-жылы жана 2006-жылы Ирактагы согушка катышып, армиядан 2008-жылы уурулук үчүн айыпталып, бошотулган.

Ал акыркы жылдары Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан "Borg Warner" аттуу компаниянын эл аралык коопсуздук боюнча директору болуп иштеп келген. "Borg Warner" ишканасы Орусиядагы "Ростех" мамлекеттик конгломераты менен тыгыз кызматташып келгени маалым. Ишке байланыштуу 2007-жылдан тартып Пол Орусияга тез-тез каттап турган. Буга кошумча «Азаттыктын» орус кызматынын маалыматы боюнча, Пол Уиландын 2015-жылдан бери курал-жарак саткан "Kingsmead Arsenal" онлайн дүкөнү бар.

1-январда Пол Уиландын үй-бүлөсү орус тараптын дооматтарын четке каккан билдирүү тараткан. Уиландын агасы Дэвид Пол бул жолу Орусияга досунун үйлөнүү тоюна барганын айтууда.

"Биз анын абалына жана коопсуздугуна тынчсызданып жатабыз. Пол күнөөсүз болгонунан шек жаралбашы керек, биз анын укуктары корголот деп үмүт кылабыз", деп айтылат үй-бүлөсүнүн кайрылуусунда.

Пол 12 жыл мурда "ВКонтакте" социалдык тармагында катталган. Ал баракчасына армиядагы сүрөттөрүн жүктөп, орус тилинде постторду жазып, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Москвадагы «Спартак» футбол клубунун жигердүү күйөрманы болгонун көрүүгө болот.

Ал АКШда орусиялык Мария Бутина Кремлдин агенти катары иш алып барганын мойнуна алгандан бир нече апта өткөндөн кийин кармалып отурат.

20-декабрда орус президенти Владимир Путин чоң жыйында «Орусия башка бирөөгө айырбаштоо үчүн жөн эле күнөөсүз адамдарды кармабайт» деген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG