Молдовада бийликтеги партия оппозициянын эки лидеринин ууландыруу тууралуу билдирүүсүн четке какты.
Бийликтеги Демократиялык партиянын басма сөз өкүлү Виталий Гамурарь оппозиционерлердин 22-февралда айткандарын "ойдон чыгарылган" деп баалады:
- Тилекке каршы, шайлоо өнөктүгү кээде акылга сыйбагандай деңгээлде чектен чыгып кетип жатат. Соңку бир канча күндө түшүнүксүз дооматтар айтылууда. Алар барган сайын фантастикага окшошуп баратат.
Молдовадагы ACUM саясий блогунун башчылары Майя Санду жана Андрей Нэстасе бейшембиде, парламенттик шайлоого үч күн калганда Кишиневдо басма сөз жыйынын өткөрүп, өздөрүн оор металлдар менен ууландыруу аракети болгонун, муну медициналык анализдер далилдей турганын айтышкан. Бул үчүн алар бийликти айыптап чыгышкан.
Молдовада парламенттик шайлоо 24-февралга белгиленген.