Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Трамп АКШнын БУУдагы өкүлүн дайындады


Кошмо Штаттардын Канададагы элчиси Келли Крафт АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалат. Бул тууралуу президент Дональд Трамп жума күнү жарыялады.

АКШнын БУУдагы азыркы өкүлү Никки Хейли бул кызматтан кетерин өткөн жылдын соңунда жарыялаган. Ал президент Дональд Трамптын карама-каршылыктуу тышкы саясатын ишке ашыруучу негизги аткаминерлердин бири эле.

Коопсуздук кеңешинин отурумдарында, БУУнун алкагындагы башка жыйындарда Хейли Жакынкы Чыгыштагы туруксуз абалдын булагы катары Иранды такай айыптап турду. Президент Трамптан айырмаланып, ал Орусияга карата да катаал мамиледе болду.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт бул өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнүн кызматына талапкер болуудан баш тарткан.

Келли Крафты элчи кылып Трамп дайындаган. Ал Канада, АКШ жана Мексиканын ортосундагы үч тараптуу эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурган жана ага катышкан. Кенже Жорж Буштун убагында АКШнын БУУдагы өкүлчүлүгүндө иштеген. Ишкерлик менен алектенип, шайлоо учурунда Дональд Трампка каржылык жактан жардам берген.

XS
SM
MD
LG