Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:22

Жээнбеков: Аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаштар арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Мекен коргоочуларынын күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат. Мамлекет башчы Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ыйык парзы экенин белгилеген.

“Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган каармандарыбызды урматтайбыз. Мекенди коргоочуларга — өсүп келе жаткан жаштарыбызга зор үмүт артабыз. Аскер кызматы дайыма мамлекеттин тиреги жана ата-бабаларыбыздын мыкты салттарын улап кетүүнүн жакшы көрүнүшү болуп келген. Жыл өткөн сайын өлкөбүздүн жаштары арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатканы жакшы саамалык.”, - деген Жээнбеков.

 23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган.

2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG