Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Ырчы Ар Келли сексуалдык зомбулукка айыпталууда


Чикагодо полиция белгилүү ырчы жана музыкалык продюсер Ар Келлини кармап кетти. Ырчы сексуалдык зомбулукка айыпталып жатат. Би-би-си билдиргендей, Келли полицияга багынып бергени менен, күнөөсүн мойнуна алган жок. Учурда камакта.

Келли болжолдуу түрдө 1998-жылдан 2010-жылга чейинки мезгил ичинде сексуалдык мүнөздөгү укук бузуулары үчүн күнөөлөнүп жатат. Бул убакыт аралыгында бир канча аял ырчыны зордуктоого айыпташкан. 2008-жылы ал балдар порнографиясын даярдоо боюнча күнөөлөнүп, сот аны актаган.

Би-би-синин жазганына караганда, Иллинойс штатынынын прокурору Ким Фокс ырчынын аракеттеринен жабыркаган аялдарды бул тууралуу сотто айтып чыгууга чакырган соң Келлиге жаңы айыбын угузууга мүмкүн болгон.

XS
SM
MD
LG