Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

6-кабаттан секирген өспүрүмдүн абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Туңгуч кичирайонунда алтынчы кабаттын терезесинен секирген өспүрүм кыздын абалы оор бойдон. Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Данияр Шайбеков жабыркаган кыз азыр реанимация бөлүмүндө жатканын “Азаттыкка” билдирди. 25-февралда кыз дагы бир жолу текшерүүдөн өтүп, мындан кийинки дарылануусу белгилүү болот.

20-февралда күндүз саат 14:00 чамасында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө телефон чалышып, бир кыз өз жанын кыюуга аракет жасап жатканын кабарлашкан. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери үйүнүн терезесине чыгып, секирүүгө камынып жаткан кызды көрүшкөн. Үйдүн эшиги ичинен бекитилген, сүйлөшүүдөн жана кыйкырыктан майнап чыккан эмес. Кызматкерлер чукул арада килем таап, үйдүн түбүнө жайып кармап турушкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери эшикти ачып, кызды токтотууга аракет кылышканына карабай ал секирип кеткен. Бирок тартылып турган килемге түшүп, аман калган. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG