Венесуэла армиясынын кол башчысы "элдин коопсуздугун жана бейпилдигин сактоо максатында" Колумбия менен чек арасында аскерлерди жайгаштырды. Мындай маалымат Венесуэла армиясынын "Твиттердеги" расмий барагында пайда болду.
Чек аранын бул бөлүгү толугу менен жабылганын өлкөнүн вице-президенти Делси Родригес да ырастады. Ал Колумбия өкмөтү Венесуэланын эгемендигине олуттуу коркунуч жаралгандыктан, Симон Боливар, Сантандер жана Унион көпүрөлөрү да тосулганын айтты.
23-февралда Америкалык өлкөлөрдүн уюму (OAS) Венесуэлага 600 тонна гуманитардык жардам салынган 10 жүк ташуучу унааны жөнөтүүнү пландаган.
Венесуэлада оппозициялык лидер Хуан Гуайдо өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялаган жана көз каранды эмес шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатат. Гуайдо АКШдан гуманитардык жардам алууну колдосо, Мадуро буга каршы.