Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Автоунаасы менен адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-февралда Москва районундагы Беловодск айылында, Бишкек-Ош жолунун боюнан 64 жаштагы адамдын өлүгү табылган. Маркумдун сөөктөрү бир нече жеринен сынганы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул иш Жоруктар жөнүндө кодекстин 297-беренеси ("Жол кыймылынын эрежелерин жана автоунаа айдоо эрежелерин бузуу") боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү аныкталып, кармалды. Чүйдүн 32 жаштагы тургуну 12-февралда "Мерседес" автоунаасы менен адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Шектүү Москва райондук сотунун чечими менен эч жакка кетпөө жөнүндөгү тилкаттын негизинде үй камагына алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки иштер жүрүп жатат.

Былтыр Кыргызстанда жол кырсыктарынан 700дөй адам мерт болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG