Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

«Кыргыз-түрк достук ооруканасын» эки мамлекет үч жыл чогуу башкарат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында курулган «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» Кыргызстан менен Түркия үч жыл биргелешип башкарат. Бул мөөнөт аяктаган соң оорукананы башкаруу укугу биротоло кыргыз тарапка өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, жыл сайын Кыргызстандын 20 дарыгерин Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Бишкектин Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынган «Кыргыз-түрк достук ооруканасы» 2018-жылдын сентябрында ачылган. 150 кишиге ылайыкташкан бейтапкананын курулушуна Түркия акча бөлгөн. Курулуш иштери 2016-жылдын июлунда башталган.

Ооруканага заманбап диагностикалык жабдуу коюлуп, кардиология, жүрөк, тамыр хирургиясы, интервенциялык радиология, гастроэнтерология сыяктуу бөлүмдөр ишке киргизилээри айтылган. ​(BTo)

XS
SM
MD
LG