Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Сооронбай Жээнбеков Андрей Крутькону «Даңк» медалы менен сыйлады


Сооронбай Жээнбеков жана Андрей Крутько.
Сооронбай Жээнбеков жана Андрей Крутько.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутькону өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы жыйынтыкталганына байланыштуу кабыл алып, «Даңк» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жээнбеков Андрей Крутького кыргыз-орус мамилелердин өнүгүшүнө, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, билим берүү жана аскердик-техникалык тармактарда долбоорлорду илгерилетүүдө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

- Сиз Кыргызстанда иштеген мезгилде кыргыз-орус мамилелери кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыкты. Сиз - биздин өлкөнүн жакын досу жана сыйлуу коногусуз, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Крутько ал элчи болуп турганда Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча маселе чечилгенин эске салды. Сооронбай Жээнбеков жана элчи Андрей Крутько Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанда өтө турган мамлекеттик иш сапарына байланыштуу маселелер боюнча да пикир алмашты. (BTo)

XS
SM
MD
LG