Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Пакистанда сот экс-премьерди түрмөдөн бошотуудан баш тартты


Наваз Шариф сотко келген учур. Лахор, 8-октябрь, 2018-жыл.
Наваз Шариф сотко келген учур. Лахор, 8-октябрь, 2018-жыл.

Исламабаддын Жогорку соту мурдагы премьер-министр Наваз Шарифти күрөөгө бошотуу тууралуу өтүнүчтү четке какты. Соттун мындай чечими 25-февралда жарыяланды. Ага Наваз Шариф азыр ооруканада дарыланып жаткандыктан, саламаттыгына байланыштуу күрөөгө бошотулбайт деген жүйө келтирилген.

Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясынын лидери Хаважа Асиф сот чечимине каршы апелляциялык арыз берилерин билдирди.

Шариф Лахор шаарындагы ооруканада жүрөгүн дарылатып жатат. Адвокаттары анын ден соолугу начарлап кеткенин айтып жатышат.

Былтыр 24-декабрда Пакистандын Антикоррупциялык соту Шарифти жети жылга түрмөгө кескен.

Сот өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысын «буга чейинки киреше булактарында көргөзүлбөгөн активдерге ээлик кылганы үчүн» күнөөлүү деп тапкан.

Ага чейин Шариф Лондондон кымбат баалуу батир сатып алышына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 2018-жылдын июлунда он жылга түрмөгө кесилип, 8 млн. доллар айыпка жыгылган.

Бул иш боюнча анын кызы Мариам Наваз жети жылга, күйөө баласы Мухаммад Сафдар бир жылга соттолгон. Бирок баары өкүмдү апелляцияга берип, сентябрда күрөөгө бошотулган.

Шариф кызматтан 2017-жылы Жогорку соттун чечиминен кийин кеткен. Ал өзүнө коюлган кинелерди четке кагып, аны саясат менен байланыштырып жүрөт.

XS
SM
MD
LG