Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 11-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 18:37

Экс-премьер-министр жети жылга соттолду


Наваз Шарифтин жактоочусу. 24-декабрь, 2018-жыл

Пакистандын Антикоррупциялык соту мурдагы премьер-министр Наваз Шарифти жети жылга түрмөгө кескен жаңы өкүм чыгарды.

24-декабрда Антикоррупциялык сот Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шарифти "буга чейинки киреше булактарында көргөзүлбөгөн активдерге ээлик кылганы" жана "арам акчаны адалдоо иштери үчүн" күнөөлүү деп тапты. Судья Наваз Шарифти жети жылга эркинен ажыратып, 2,5 млн. доллар айып салды. Анын адвокаты Раджа Билал Жавиддин айтымында, экс-премьер эки кылмыш ишинин бири боюнча акталды:

- Бул жерде эки иш болгон. Биринчиси - Шарифтин атасы негиздеген Сауд Арабиядагы болот эритүүчү “Al Aziza” заводу боюнча иш. Экинчиси - британиялык “Flagship Investment” компаниясы боюнча болгон. Ал “Al Aziza” иши боюнча жети жылга соттолду, ал эми британ компаниясы боюнча акталды.

Мыйзам боюнча Наваз Шарифтин сот чечими боюнча арыздануу укугу бар.

Өкүм жарыяланар замат судья аны баш калаа Исламабаддын жанындагы түрмөгө камоого буйрук берди. Экс-премьердин сот имаратынын жанына чогулган жактоочуларын таратыш үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

- Менимче, ал саясаттын курмандыгы болду. Сот аны эки иш боюнча тең акташы керек болчу, бул туура эмес чечим. Анткени сот коррупция айыбы боюнча далилдерди тапкан жок, - деди Шарифтин жактоочусу Фарзана Бут.

Наваз Шарифтин жактоочулары. 24-декабрь, 2018-жыл
Наваз Шарифтин жактоочулары. 24-декабрь, 2018-жыл

Бул Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шарифке чыккан жаңы сот өкүмү. Ал Лондондон кымбат баалуу батир сатып алышына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында быйыл июлда он жылга түрмөгө кесилип, 8 млн. доллар айыппулга жыгылган.

Бул иш боюнча анын кызы Мариам Наваз жети жылга, күйөө баласы Мухаммад Сафдар бир жылга соттолгон. Бирок алар өкүмдү апелляцияга берип, сентябрда күрөөгө бошотулган.

68 жаштагы Наваз Шариф өзүнө жана балдарына коюлган айыптарды четке кагып, "саясий куугунтук" катары баалап жүрөт.

Наваз Шариф.
Наваз Шариф.

Наваз Шариф Пакистандын премьер-министри кызматын үч жолу аркалады. Ал биринчи ирет 1993-жылы коррупцияга шектелип кызматтан бошотулган. 1997-жылдагы шайлоодо Наваз Шарифтин партиясы утуп чыгып, кайра өкмөт башына келген. Бирок 1999-жылдагы аскердик төңкөрүштө бийликтен кулатылган.

Ушундан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Наваз Шариф Пакистанга 2007-жылы кайтып келип, 2013-жылы анын "Пакистан мусулман лигасы" партия шайлоодо уткандан кийин кайрадан өкмөт башчы болууга жетишкен.

Ал үчүнчү ирет коррупцияга айыпталып, 2017-жылдын июль айында Пакистандын Жогорку соту аны ээлеген кызматына ылайык келбейт деп тапкандан кийин кызматынан кеткен.

Шарифке карата коррупциялык айыптоо 2016-жылы "Панама барактарында" ачыкка чыккан анын офшордогу байлыктары тууралуу маалыматтардан кийин башталган.

Быйыл июлдагы шайлоодо Наваз Шарифтин "Пакистан мусулман лигасы" партиясы парламенттеги көпчүлүккө ээ боло алган эмес. Өлкөдөгү жемкорлукка каршы күрөшүүнү убада кылып, августта өкмөт башына келген азыркы премьер-министр Имран Хандын “Техрик-и-Инсаф” партиясына уттуруп койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG