Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Пакистандын экс-премьери түрмөдөн чыкты


Наваз Шарифтин жактоочулары Исламабаддагы соттун сыртында турушат, 19-сентябрь, 2018-жыл.
Наваз Шарифтин жактоочулары Исламабаддагы соттун сыртында турушат, 19-сентябрь, 2018-жыл.

Пакистанда мурдагы премьер-министр Наваз Шариф, кызы Мариям жана күйөө баласы Сафдар болуп Равалпинди шаарындагы абактан шаршемби күнү кечинде бошотулду. Анын алдында Исламабаддын Жогорку Соту коррупцияга айыпталып 10 жылга кесилген Шарифти жана жети жылга эркинен ажыратылган Мариамды абактан күрөөгө чыгарды.

Равалпинди шаарындагы Адиала түрмөсүнөн чыккан Наваз Шарифти, кызы менен күйөө баласын экс-премьердин Мусулмандар лигасы партиясынын мүчөлөрү жана лидерлери тосуп алды.

Коопсуздук чаралары күчөтүлүп, чогулган эл толкуп турду.

Пакистандын урду тилиндеги ГеоТВ каналы Наваз Шариф кыз-күйөөсү менен Беназир Бхутто атындагы эл аралык аэропорттон өзүнүн кичи мекени Лахор шаарына менчик учак менен кетерин маалымдады.

Шаршембиде Пакистандын соту коррупцияга айыпталган Шарифти, кызы Мариам Шарифти жана күйөө баласы Мохаммад Сафдарды түрмөдөн күрөөгө чыгарган чечимин жарыялады.

Сот алардын ар бирин 500 миң рупий (4 миң доллар) күрөө коюуга милдеттендирди.

Соттун чечими жарыяланып жатканда, мурдагы өкмөт башчынын жактоочулары “премьер-министр Наваз Шариф” деп кыйкырып, көчөдө турушту.

Мурдагы тышкы иштер министри Хожа Асиф “бүгүнкү чечим – акыйкаттыктын жеңиши”, – деди журналисттерге. Дагы бир экс-министр Ахсан Икбол соттун чечимин “өч алууга негизделген” деп сындады.

Былтыр коррупцияга айыпталып өкмөт башчылыктан кетүүгө мажбур болгон Шариф Лондондо кымбат баалуу батирлерди мыйзамсыз алганы үчүн күнөөлүү деп табылып, июль айында он жылга эркинен ажыратылган.

Мариям да 2016-жылы ачыкка чыккан "Панама кагаздары" чуусунан улам жети жылга кесилген. Өкүм чыккан маалда экөө тең Британияда жүрүшкөн. Күйөө баласы Шафдар бир жылга эркинен ажыратылган.

Наваз Шариф өзүнө жана балдарына коюлган айыптарды четке кагып, "саясий куугунтук" катары баалап келген.

13-июлда Пакистан бийлиги Шариф менен Мариамды Британиядан Лахорго келип конгондо кармаган. Бул өлкөнүн мыйзамына ылайык, Шариф өз мекенине келип, бийликке багынып бергенден кийин гана сот өкүмүнө арыздана алмак.

Пакистанда августта өткөн парламенттик шайлоодо Имран Хандын “Техрик-и-Инсаф” партиясы алдыга чыгып, коалиция түзүүгө мүмкүнчүлүк алган. Шарифтин “Мусулман лигасы” партиясын шайлоого баштап чыккан иниси Шабхаз Шарифке 96 депутат добуш берген. Бул партия Улуттук ассамблеядан 64 орун алган.

68 жаштагы Наваз Шариф Пакистандын өкмөтүн үч жолу жетектеген. Ушул ай башында Лондондо рак илдетинен улам дүйнө салган аялынын зыйнатына катышууга бийлик уруксат берип, кыска мөөнөткө түрмөдөн чыгып келип, топурак салып кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG