Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:39

Молдова: бир да партия парламентте көпчүлүктү ала алган жок


Молдовадагы шайлоо. 24-февраль, 2019-жыл.
Молдовадагы шайлоо. 24-февраль, 2019-жыл.

Молдовада 24-февралда өткөн парламенттик шайлоодо төрт партия алдыга чыкты.

Өлкөдө шайлоочулар биринчи жолу 101 депутаттын 50сүн партиялык тизме менен, 51 адамды бир мандаттуу округдардан шайлады. Баштапкы эсепке караганда, Социалисттер партиясы 31,75% добуш менен биринчи, европачыл партиялардын түзүлгөн ACUM блогу 25,26% менен экинчи, ал эми азыр өкмөттү башкарып жаткан Демократиялык партия 24,48% добуш алып үчүнчү болду. Консервативдүү ШОР партиясы 8,46% добуш алды. Калган партиялар алты пайыздык босогодон өтө алган жок.

Бир мандаттуу округдардан алынган добуштарды кошуп эсептегенде, азыр өкмөттү башкарып жаткан Демократтар партиясы 34, президент Игорь Додон башкарган Социалисттер партиясы 30, европачыл партиялардын түзүлгөн ACUM блогу 25 мандат алышы мүмкүн. Калган мандаттар бизнесмен жана миллионер, Оргеев шаарынын мэри Илон Шор башкарган Шор партиясына тиет. Баштапкы эсептерге ылайык, бир да партия парламентте көпчүлүктү ала алган жок.

24-февралдагы шайлоого шайлоочулардын 49,07% катышты. Ушул эле күнү парламент депутаттарынын санын азайтуу боюнча референдум да өттү. Шайлоочулар кийинки шайлоодо депутаттардын санын 101ден 61 мандатка кыскартыш үчүн добуш беришти.

Орусия Молдованы жаратылыш газы менен камсыз кылып келет. БУУнун чакырыктарына карабай Приднестровьеде орусиялык аскерлер жайгаштырылган.

Бирок Молдова 2014-жылы Еврошаркет менен ассоциациялык келишимге кол койгондон бери Москва менен Кишиневдун мамилеси сууп кетти.

XS
SM
MD
LG