Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Ким Чен Ынды туураган куудул Вьетнамдан депортацияланды


Говард Икс жана Рассел Уайт.
Говард Икс жана Рассел Уайт.

Вьетнамдын бийлиги австралиялык куудул, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга түспөлдөш Говард Искти өлкөдөн чыгарды.

Бул аракет Ким Чен Ын АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Вьетнамдын борбору Ханойго жол тарткан убакта болду.

Говард Икс Вьетнамга жума күнү АКШнын президенти Дональд Трампты туураган шериги менен келген. Алар Вьетнамдын көчөлөрүндө элдин жана журналисттердин көңүлүн бурган.

Дүйшөмбүдө Говард Икске полиция келип, аны аэропортко жеткирген. Расмий бийлик бул чечим тууралуу комментарий бере элек. Ханойдо эки лидердин жолугушуусунун алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Австралиялык куудул былтыр да Трамп менен Кимдин алгачкы жолугушуусунда Сингапурга келген. Анда да ал кармалып, бирок депортацияланган эмес.

Ал эми анын шериги, Трампка окшош Рассел Уайтка Вьетнамда калганга уруксат берилип, элге чыгууга тыюу салынган.

АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин экинчи жолугушуусу 27-28-февралда Ханойдо өткөнү турат. Тараптар Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу маселесин талкуулашат.

Ким Чен Ын эки күн мурда брондолгон поездде Вьетнамга сапар тартып, Кытайдын аймагы аркылуу келе жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG