Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Бишкекте электрондук билет тендеринде беш ишкана тандалды


Ошто коомдук транспортко коюлган электрондук билет системасы.
Ошто коомдук транспортко коюлган электрондук билет системасы.

«Электрондук билет» долбоорунун биринчи этабында аны ишке ашыруучу ишканаларга тендер жарыяланган. Тендерге жети компания катышкан. Бүгүнкү күнү комиссия беш компаниянын ишин талаптарга жооп берет деп тапты. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, алар:

- ООО «Ситикард» (Нижний Новгород шаары, Орусия);

- ЗАО «Золотая корона» ( «РСК Банк» ААК жана «Тодэш Торг» ЖчК, Новосибирск шаары, Орусия);

- BPC AG, Баар (Швейцария);

- LGCNC-KSCC Consortium (Сеул шаары, Түштүк Корея);

- «Шанхай Шенту интеллектуалдык системалары» (Кытай) жана «Шыдыр Жол Кей Джи» (Шанхай шаары, Кытай) ишканасы.

Эми бул компаниялар экинчи айлампага катышууну каалаган сунушун 25-марттан кеч калбай берүүгө тийиш. Тендердин шарты боюнча, ишканалардын эсебинде сунушун кепилдеп берүүчү 150 миң доллар болушу керек.

25-февралда Ош шаарында коомдук муниципалдык транспортто электрондук билет менен жүрүү долбоору ишин баштады. Шаардагы №1 каттамда жүргөн троллейбустарга электрондук билет кабыл алуучу система жайгаштырылган. Электрондук билет карталары Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде сатылат. Жүргүнчүлөр электрондук билет картасынын балансын толуктап турушу керек. Ал үчүн коомдук жайларга атайын терминалдар орнотулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG