Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Алимент төлөбөгөндөрдүн чет өлкөгө чыгышына тыюу салуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Үй-бүлө кодексине жана «Сот аткаруучулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, алимент төлөбөгөндөрдүн чет мамлекетке чыгышына тыюу салуу боюнча демилге көтөрүлдү. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева сунуш кылды.

-Үй-бүлө кодексинде алимент төлөбөгөндөрдү чет өлкөгө чыгарбоо боюнча жобо жок. Бирок башка чет өлкөлөрдө алименттен качкандарды чет мамлекетке чыгарбоо боюнча мыйзам жакшы иштеп жатат. Эл аралык тажрыйбаны карасак тыюу салуу эрежелери жакшы иштейт экен, - деди Мамашева.

Эл өкүлүнүн маалыматына караганда, учурда 40 миңден ашык жаран алимент төлөбөй жүрөт.

Буга чейин алимент төлөбөй качып жүргөн 2731 киши издөөдө экени белгилүү болгон. Депутат Максат Сабиров “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун сунуштаган.

Анда мыйзам долбоорунда алимент төлөбөй качып жүргөндөрдүн аты-жөнү, сүрөтү менен Интернетте атайын түзүлгөн электрондук маалымат базасына киргизилет. Мындан тышкары, алардын кээ бир укуктары чектелет.

2017-жылы алимент өндүрүү боюнча сот аткаруучуларынын көзөмөлүнө 38 500 арыз түшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG