«Бэринг Восток» («Baring Vostok») инвестициялык фонду президент Владимир Путинден фонддун негиздөөчүсү, америкалык ишкер Майкл Калвинин жана башка менежерлердин ишин өз көзөмөлүнө алууну өтүндү.
Путинге багышталган ачык катта сот айыпталуучуларды камакка алуу жөнүндө чечим чыгарып, кийинки убакта Орусияда ишкердикке байланыштуу шектүүлөр менен айыпталуучуларды камакка албоо тажрыйбасын бузганы айтылат.
Каттын авторлору «Бэринг Восток» фондунун менежерлерине козголгон иш «Восточный» банкы менен «корпоративдик талаштын алкагында» экенин белгилешет.
Мурдарак бизнес-акыйкатчы Борис Титов америкалык ишкерге кылмыш ишинин козголушун «мыйзамсыз» деп, иштин «корпоративдик талаш экени айдан ачык» деп билдирген.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымат каражаттарына чыккан катты Путинге жеткире турганын айтты.
Тергөөнүн маалыматы боюнча Калви «Восточный» банкынан 2,5 млрд. доллар уурдаган «көз боёмочулук системаны уюштурган» деп айыпталып жатат.
Сотто Калви өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп четке кагып, аны «Восточный» банкы менен чырга байланыштырган.
15-февралда Москвада «Бэринг Восток» инвестициялык фондунун негиздөөчүсү Майкл Калви, фонддун үч кызматкери: Ваган Абгарян, Филипп Делпаль жана Иван Зюзин кармалды. Ошондой эле «Восточный» банкынын мурдагы жетекчиси Алексей Кордичев жана “Биринчи коллектордук бюро” ишканасынын башкы директору Максим Владимиров да камалды. Алар «Восточный» банкынан 2,5 млрд. рубль уурдалганына байланыштуу шек саналууда.
16-февралда Москванын соту америкалык жаранды 13-апрелге чейин камакта калтырды.
51 жаштагы Майкл Калви 1994-жылы Орусияда «Baring Vostok» инвестициялык фондун негиздеген. Андан бери ал Орусияга ири өлчөмдө инвестиция салган.