Орусиялык таанымал саясат талдоочу жана медиа менежер Игорь Малашенко Испанияда каза болгонун "Коммерсант" басылмасы жазып чыкты. Басылма "айрым маалыматтар боюнча Малашенко өз жанын кыйган болушу мүмкүн экенин" белгиледи.
"Ведомости" гезитинин булактары да саясат талдоочунун өлүмүн ырастап, аны суицид менен байланыштырган.
Акыркы убакта Малашенко мурдагы аялы Елена Пивоварова менен соттошуп жүргөн.
Малашенконун азыркы аялы, блогер Божена Рынска Пивоварова мурдагы күйөөсүнүн мүлктөрүнүн 80 пайызын алууга аракеттенип жатканын жазган.
Мындан тышкары, Божена Рынска "Facebook" баракчасына жарнамалык билдирүүлөрдү көп жарыялап, аны Игорь Малашенконун сотко кетирген чыгымы көп болуп жатканы менен түшүндүргөн.
Февралдын этегинде ал жолдошу мурдагы жубайы менен чатакташкандан кийин оор абалда ооруканага жатып калганын кабарлаган.
Игорь Малашенко - Орусиядагы НТВ телекомпаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал "Останкино" телеканалын да жетектеген, Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин шайлоо кампаниясында башкы кеңешчи болгон.
"Медиа-Мост" жабык акционердик коомун, RTVI каналын, 2018-жылы президенттик шайлоого катышкан теле алып баруучу Ксения Собчактын шайлоо штабын жетектеген.