Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Украина: Башкы штабдын мурдагы жетекчиси чыккынчылыкка айыпталууда


Владимир Замана.
Владимир Замана.

Украинанын Аскер прокуратурасы жана Коопсуздук кызматы дүйшөмбүдө өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы жетекчиси Владимир Замананы кармады. Генерал "мамлекетке чыккынчылык" кылган деп айыпталууда.

Украинанын аскер прокурору Владимир Матиос билдиргендей, 2012-2014-жылдарда Виктор Януковичтин бийлигинин тушунда Куралдуу күчтөрдү башкарган Замана армиянын даярдыгын атайылап ылдыйлаткан. Ага аскер кызматкерлеринин санын азайтып, бир топ бөлүктөрдү жоюп салган деген айып тагылды.

Прокуратуранын маалыматына караганда, 2013-жылы украин армиясы 17 миңге кыскарган.

Владимир Замана мындан тышкары абадан коргонуу күчтөрүнүн даярдыгын төмөндөткөн деп күнөөлөнүп жатат. Крымды аннексиялоо боюнча Орусиянын операциясын утурлай аймактагы бир катар аскердик бөлүктөрдү Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жетекчисине түздөн-түз баш ийе турган кылып, агрессиянын мизин кайтарууга жолтоо болгон деген да кине коюлду.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко "Замана "Крым" куралдуу күчтөрүнүн бардык бөлүгүн Аскердик-деңиз күчтөрүнүн адмиралы, өлкөнү сатып кеткен Юрий Ильинге баш ийдирүү тууралуу буйрук чыгарган. Бул жагдай украиналык жоокерлердин каршылык көрсөтүүсүнө бөгөт болгон" деп билдирди.

Буга чейин Виктор Янукович Майдандагы нааразылык акциялары күчөп турган маалда Владимир Замана Киевге десанттык дивизияны киргизүүдөн баш тарткандан кийин кызматтан алганы айтылып келген.

Майдандагы жеңиштен кийин генерал аз убакыт Жогорку Раданын Коргоо министрлигинин ишин көзөмөлдөгөн өкүлү болуп турган.

XS
SM
MD
LG