Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын 57 жаштагы тургуну А. Замирбектин үйүнөн 8,1 кг нашаа табылган. Тинтүү учурунда баңгизат даярдачу жасалма станок алынган. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кармалган жаран мурда мал уурулук үчүн соттолгон.
Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Баңгизаттарды сатуу максаты менен мыйзамсыз даярдоо») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
Ал эми кармалган киши Ысык-Көл райондук ИИБнин убактылуу камагына киргизилди. Райондук соттун чечими менен ал эки айга камалды. (ZKo)