Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 19-февралда болгон. Шаардагы Ак-Тилек кичирайонунун 45 жаштагы тургуну 35 жаштагы келинчегин «500 сом акчаны кайда короттуң?» деп сабаган. Натыйжада токмок жеген келин диванга жаткан боюнча өлүп калган. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, келиндин өлүмү тууралуу 21-февралда анын кайын журту милицияга кабарлаган:
- Маркумдун денесинде бир нече жеринде токмоктон калган тактар болгон. Анын күйөөсүн суракка алганыбызда, ал чын эле аялын сабаганын мойнуна алды.
Милициянын маалыматы боюнча, күйөөсү аялынын өлүмү тууралуу эки күн бою эч кимге кабар берген эмес. Ал муну өзүнүн ооруп калганы менен түшүндүргөн.
Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү («Киши өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү») боюнча Кылмыштар менен укук бузуунун бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.
Ал эми шектүү Ош шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. (YI/ZKo)