Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Венесуэла армиясынан жоокерлер качып жатат


Венесуэла. Демонстранттардын коопсуздук күчтөрү менен кагылышы. Урена. 23-февраль, 2019-жыл.
Венесуэла. Демонстранттардын коопсуздук күчтөрү менен кагылышы. Урена. 23-февраль, 2019-жыл.

Акыркы үч күндө коңшу Колумбиянын миграция кызматына 167 жоокер кайрылган. Бул көрүнүш жекшембиде Колумбия-Венесуэла чегиндеги кагылыштан кийин байкалган. Улуттук гвардиянын он жоокери Колумбиядан ары Бразилияга өткөн.

- Биз бул коррупцияга малынган жана залим өкмөттү таштап кетүүнү чечтик. Биз киши өлтүргүч эмеспиз, биз эл тараптабыз, - деди Морено Пенароса аттуу аскер кызматкери.

Латын Америкасындагы бул өлкөдө азыр кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Армиянын жетекчилиги президент Николас Мадурону колдойт.

Өзүн президент деп жарыялаган парламент спикери, оппозиция лидери Хуан Гуайдо катардагы жоокерлер Мадурону колдобой турганын билдирип келет. Көптөн берки экономикалык, социалдык оор кризистен улам Венесуэлада толкундоолор басылбай жатат.

Хуан Гуайдонун бийлигин АКШ, Канада, Евробиримдик баш болгон ондогон мамлекеттер тааныган. Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG