Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Венесуэла: оппозиция лидери Гуайдо алгачкы жарлыгын чыгарды


Хуан Гуайдо. Каракас, 25-январь, 2019-жыл.
Хуан Гуайдо. Каракас, 25-январь, 2019-жыл.

АКШ, бир катар Батыш жана Латын Америка мамлекеттери убактылуу президент катары тааныган Венесуэланын Улуттук Ассамблеясынын жетекчиси, оппозиция лидери Хуан Гуайдо өлкөгө гуманитардык жардамдын киришине уруксат берүү боюнча биринчи жарлыгына кол койду. Документти Гуайдо "Twitter" баракчасына жайгаштырды.

Ушул жарлык менен Гуайдо легитимдүүлүгү талаш жараткан президент Николас Мадуронун Бразилия, ошондой эле Нидерландыга караган Аруба, Күрасао жана Бонайре аралдары менен чек араны жабуу жөнүндөгү буйругун жокко чыгарды.

Ал мындан тышкары "бул мандат жана Конституцияга ылайык иш алып барган" Венесуэланын аскер кызматкерлеринин коопсуздугуна кепилдик бериле турганын убада кылды.

Мадуронун бийлиги "22-февралда Венесуэлага гуманитардык жардам жеткирүү шылтоосу менен америкалык аскерлер кириши мүмкүн" деген негизде Бразилия менен чек арасын жапкан. Ага чейин Колумбия менен чек ара жабылган.

Негизинен Венесуэланын тургундары үчүн АКШдан жиберилген тонналаган азык-түлүк жана дары-дармектер учурда чек арага жакын жердеги Колумбиянын Кукута шаарындагы кампаларда сакталууда.

Хуан Гуайдо элди Мадуронун режиминин күч колдонуу тууралуу опузаларына карабай, 23-февралда гуманитардык жардамды өткөрүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Анын тарапкерлери жардамга миңдеген ыктыярчыларды, анын ичинде дарыгерлерди, медайымдарды, жөнөкөй жарандарды тартканы айтылган.

Акыркы жылдарда Венесуэла экономикалык-социалдык кризисти баштан кечирүүдө. Өлкө гиперинфляцияга кептелип, турмуш-тиричиликке керектүү азык-түлүктүн жана башка каражаттардын жетишсиздиги байкалып жатат.

XS
SM
MD
LG