Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Түркияда кыргызстандык мигранттардын маселелери каралды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-февралда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында Кыргызстандын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлигине караштуу Эл аралык эмгек дирекциясынын жетекчилери жолукту.

Жолугушууда эки өлкөнүн жарандарына тиешелүү миграция саясатынын, эмгек визаларынын жана киши сатуунун маселелери каралды. Кыргызстандык делегация бул сапарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Түркияда жашап жаткан эмгек мигранттарынын социалдык абалын жана суроолорун карайт.

2018-жылы Түркияда 30 миңге жакын кыргызстандык катталган. Алардын тогуз миңге жакыны гана расмий эмгек визасы менен иштейт. Кыргызстандык мигранттар негизинен Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап эмгектенишет.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы мигранттардын социалдык жеңилдиктери жөнүндө мыйзамга үстүбүздөгү жылдын 29-январында кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстан менен Түркиянын жарандары бир өлкөдө иштегени үчүн бекитилген пенсия жарандын жашаган жерине карабастан төлөнүп берилет. Ошондой эле ишинин оордугуна, төрөткө байланыштуу жана башка ишке жараксыздыгы үчүн жөлөкпул, өлгөндөн кийин төлөнүүчү акча да эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөнүп берилет. (ElB)

XS
SM
MD
LG