Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Орусияда чыккынчылык боюнча айыпталган эки кишиге сот чечими чыкты


Москванын аскердик соту Федералдык коопсуздук кызматынын Маалымат коопсуздугу борборунун жетекчисинин мурдагы орун басары Сергей Михайловду 22 жылга эркинен ажыратты. Ал эми ИИМде иштеп кеткен "Касперский лабораториясынын" мурдагы менежери Руслан Стоянов он төрт жылга абакка кесилди. Экөө тең жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөй турган болду.

Соттолгондор "мамлекетке чыккынчылык кылган" деп айыпталган.

Михайлов полковник чини менен биринчи даражадагы орденинен ажыратылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматы "РБК" сайтына шилтеме берип жазды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Михайлов менен Стоянов 2011-жылы АКШда киберкылмыштуулукка катышы бар деп шектелген "Chronopay" компаниясынын башчысы Павел Врублевскийдин иши боюнча маалыматтарды Американын Федералдык чалгын кызматына беришкен.

"The Bell" сайты алар АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоонун алдында Демократиялык партиянын серверлерин бузган хакерлер жөнүндө маалыматтарды Вашингтонго берүүгө тиешеси болушу мүмкүндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG