Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Иран: Зарифтин отставкасы кабыл алындыбы же жокпу белгисиз


Жавад Зариф.
Жавад Зариф.

Ирандын президенти Хасан Роухани тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алдыбы же жокпу белгисиз.

Маалымат каражаттары Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө таянуу менен Зарифтин отставкасы четке кагылганын жазып чыгышкан. Бирок Роуханинин чечими расмий жарыялана элек.

Жавад Зариф кызматтан кете турганын 25-февралда "Инстаграмдагы" баракчасына жазган. Анын чечиминин себеби айтылган эмес.

"Азаттыктын" иран кызматы буга чейин Роухани Зарифке кызматы үчүн ыраазычылык билдиргенин кабарлаган.

27-февралда Мухаммед Зариф БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин жыйынына катышуусу керек болчу. Бирок сапар токтотулган.

Жавад Зариф Ирандын Тышкы иштер министрлигин 2013-жылдан бери жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG