Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кездешүү үчүн Вьетнамга барган АКШ президенти Дональд Трампты 26-февралда Ханойдун Нойбай аэропортунан расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Андан кийин президенттик кортеж мейманканага кетти. Трамптын кайсы жерге токтогону айтылган жок. Эки лидердин жолугушуусунун алдында Вьетнамда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Вашингтондон Ханойго жол тартаардын алдында Трамп "Твиттерге" өзөктүк куралдан баш тарткандан кийин Түндүк Корея экономикалык өнүгүүнүн генератору болот деп жазды.
Ким Чен Ын Вьетнамдын Кытай менен чектешкен Донгданг шаарына чопкутталган поездде бир күн мурда, 25-февралда барган. Андан ары Ханойго автоунаада сапарын улаган.
Трамп менен Ким Чен Ындын экинчи жолугушуусу 27-28-февралда болот. Тараптар биринчи сүйлөшүүдөй эле Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан баш тартышын талкуулайт.
Эки лидер биринчи жолу былтыр 12-июнда Сингапурда жолугушуп, АКШ коопсуздукка кепилдик берсе, Түндүк Корея өзөктүк куралдарын жок кылууга милдеттүү болоору тууралуу келишимге кол коюшкан. Бирок көп өтпөй маалымат каражаттары Пхеньян өзөктүк курал чыгарууну улантып жатканын кабарлашкан.