Өзбекстандын Анжиян шаарындагы борбордук бейтапканада 26-февралда эртең менен газ жарылып, андан жабыр тарткандардын саны 22ге жетти.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 18и окуучу, төртөө мугалим экенин кабарлады. Алар бейтапканага дарыгердин кароосунан өтүш үчүн келишкен жана рентген бөлүмүндө өпкөсүн текшертип жатышкан. Жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат айтылган жок.
Газ имараттын от жаккан бөлмөсүндө жарылганы кабарланууда. Поликлиниканын дарыгери «Азаттыктын» өзбек кызматына жарылуу катуу болгонун билдирди. Жергиликтүү бийлик жарылуунун себептерин иликтеш үчүн атайын комиссия түздү.