Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

КСДП ЖЭБге байланыштуу соттук иш ачык каралышын талап кылууда


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу кылмыш иши боюнча сот ачык өтүшүн талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн соттолуп жаткан мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, баштапкы угуу Жазык-процесстик кодекске ылайык жабык өтүп жатат, ал эми соттук териштирүү ачык өтүшү керек. «Бул отурумдарга каалагандардын баары, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катыша алгыдай болушу зарыл», - деди Жоошев.

Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБдеги коррупция үчүн айыпталгандардын иши боюнча баштапкы соттук угуу жабык өтүп жатат.

Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана экс-финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.

Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды төгүндөп келатышат.

Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG