Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:37

Ош мэриясынын кызматкерлери кан тапшырышты


Кан тапшырганы келген Ош мэриясынын кызматкери. 27-февраль, 2019-жыл.
Кан тапшырганы келген Ош мэриясынын кызматкери. 27-февраль, 2019-жыл.

Шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери 27-февралда өз эрки менен кан тапшыруу акциясына катышты. Ар бир донор 450 граммдан кан берди.

Кан берүү акциясын Кызыл чырым коомунун Оштогу өкүлчүлүгү жүргүздү. Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, «Кыргызстанда өз эрки менен кан тапшырууну өнүктүрүү» аттуу акция шаардагы башка ишкана-мекемелердин кызматкерлери үчүн да өткөрүлөт.

Уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстанда миң кишиге 5-6 донор туура келет. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсү боюнча миң кишиге 49 донор туура келүүгө тийиш. (MdN)

XS
SM
MD
LG