Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Билим берүү министрлиги «48 саатка жогол» деген оюнга түшүндүрмө берүүнү тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги акыркы убакта өспүрүмдөр арасында тарап жаткан «48 саатка жогол» аттуу виртуалдык оюндун кесепеттери тууралуу окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрмө берүүнү мектептердин жетекчилерине тапшырды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы таратты.

Ага ылайык, окуучу балдарга сабак учурунда көзөмөл күчөтүлүп, балдарга виртуалдык оюндардын кесепеттери жөнүндө кеңири маалымат берилүүгө тийиш. Ата-энелер балдарынын жүрүш-турушуна жана алар колдонгон телефондоруна көз салышы зарыл.

Ал эми Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, азырынча баш калаада бул оюндан улам жоголуп кеткен өспүрүмдөр каттала элек.

Социалдык тармактарда күчөп жаткан «48 саатка жогол» деген оюндун эрежеси боюнча, ага катышкан бала эч кимге айтпай эки суткага дайынсыз жоголушу керек. Оюндун максаты - өзүнүн издөөгө алынганы тууралуу көпчүлүктү кабатыр кылуу. Дайынсыз жоголгон адам жөнүндө канча көп айтылып, маалыматтар бөлүшүлсө, ага ошончолук көп упай берилери айтылат.

Мурунку жылдары Кыргызстанда балдар арасында виртуалдык «Момо», «Көк кит» аттуу кесепеттүү оюндар пайда болуп, «өспүрүмдөрдү суицидге түртүп жатат»​ деген маалымат ата-энелерди, балдарды да дүрбөлөңгө салган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG