Мындай пикирин 27-февралда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча ишти угуу учурунда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Ал жакында эле парламентте башкы прокурордун катышуусу менен өткөн угууда депутаттар шоу уюштуруп, сотко басым кылууга аракеттеништи деп эсептейт.
- Бул отурумду биз сотко басым көрсөтүү аракети катары баалайбыз, - деди КСДПнын өкүлү. - Башкы прокурор 111 млн. доллар зыян келтирилгенин айтты. Ал бул сумманы кайдан таап чыкты? Бул карандай калп, эч кандай зыян келтирилген эмес. Биздин эксперттер да экспертизанын корутундусун иликтеп чыгышты. Бул суммалар союз учурундагы эсеп менен жүргүзүлгөн. Биз тергөө ойдон чыгарылган айыптарды коюп жатканын көрүп турабыз.
Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде жаңы ЖЭБ куруу тууралуу чечим кабыл алганын да белгилеп, бул учурунда чоң саясий чечим болгонун айтты.
Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБдеги коррупцияга байланыштуу айыпталып жаткандардын иши боюнча баштапкы соттук угуу жабык өтүп жатат.
Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдон башка жети кишиге: мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана мурдагы финансы министри Ольга Лавровага айып коюлган.
Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыптарды төгүндөп келе жатышат.
Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан.(ZKo)