Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Трамптын мурдагы юристи Конгрессте көрсөтмө берет


Майкл Коэн.
Майкл Коэн.

АКШнын президенти Дональд Трампка узак жылдар бою жеке юрист болуп иштеген Майкл Коэн 27-февралда Конгрессте көрсөтмө берип, «Трамп 2016-жылдагы президенттик шайлоодо атаандашы Хиллари Клинтондун электрондук каттарынын жарыяланып кетишин алдын ала билген» деп айтууну көздөп жатат.

Америкалык маалымат каражаттары билдиргендей, Коэн Өкүлдөр Палатасынын Көзөмөл жана реформа комитетине даярдаган көрсөтмөсүндө Трамп шайлоо өнөктүгү маалында Москвадагы мүлк тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн кабарлап, президентти «расист, жалганчы» деп атап, өз сөзүн далилдеген документтерди берүүнү максат кылууда.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Вьетнамда жолугушууда жүргөн Трамп буга «Твиттерде» дароо жооп кайтарып, Коэнди «абактагы мөөнөтүн кыскартыш үчүн калп айтып жатат» деп айыптады.

АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер иликтеп жаткан Трамптын Орусия менен мамилеси комитеттин жыйынында талкууланбайт.

52 жаштагы Майкл Коэн былтыр 12 -декабрда салык төлөөдөн качканы, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча мыйзамды бузганы, Конгресске жалган маалымат бергени үчүн күнөөлүү деп табылып, үч жылга түрмөгө кесилген. Тергөөнүн эсебинде, Коэн 2016-жылы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн убагында президент Дональд Трамп менен мурда «жеке байланышта болгонбуз» деп ырастаган эки аялга 130 миң долларды ооз басырык катары берүүгө катышкан. Ошондой эле ал Конгресске Трамптын Орусиядагы мурдагы бизнес пландары боюнча жалган маалымат да берген.

Коэн бул эки иште тең күнөөлүү экенин моюнга алган. Президент Трамптын мурдагы жеке юристине каршы кылмыш ишин козгоо АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзүп жаткан иликтөөнүн натыйжасында келип чыккан.

Мюллердин тобу президент Трамптын 2016-жылкы шайлоо учурундагы штабынын Орусия менен байланыштары болгон-болбогонун иликтөөдө.

Трамп өзүнүн шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун билдирип жүрөт.

XS
SM
MD
LG