Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:57

Каирдеги өрттүн курмандыктары 25 кишиге жетти


Өрт чыккан поезд. Египет. 27-февраль, 2019-жыл.
Өрт чыккан поезд. Египет. 27-февраль, 2019-жыл.

Египеттин борбору Каирдеги башкы темир жол бекетинде чыккан өрттүн курмандыктары 25 кишиге жетти. Египеттин бийлигинин маалыматына караганда, 27-февралдагы кырсыктан 50дөн ашык адам ар кандай жаракат алышты.

Окуяга жүргүнчү ташыган поезд Каирдин Рамзес станциясында тосмого урунгандан кийин анын май куйган багы жарылып кеткени себеп болгону айтылууда.

Ал эми өлкөнүн премьер-министри Мустафа Мадбули поезддин кырсыкка учуроо себептери белгисиз экенин айтты. Башкы прокуратура окуянын чоо-жайын иликтей турган болду.

XS
SM
MD
LG