Казакстан, Өзбекстан менен суу маселесин сүйлөшүп, көп жылдык келишим түзүш керек. Бул тууралуу экс-премьер-министр Темир Сариев «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, тараптар ортосунда консенсус болбосо маселе жылда кайталана берет.
- Суу маселесин чечишибиз керек, - деди ал. - Казакстан менен сүйлөшүп, «Токтогулду» Өзбекстан менен сүйлөшүп жыл сайын ушундай маселе чыкпаш үчүн көп жылдык келишимге барышыбыз керек. Евроазия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында бардык маселелер консенсус менен кабыл алынат.
«Ыңгайсыз суроолор» ЕАЭБдин алкагында кыйналган дыйкандардын абалын, бул багытта өкмөттүн аракетин талкуулаган.
19-февралда Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Казак бийлиги өз чечимин коңшу өлкөдөн кирген азык-түлүктөн курт чыкканы менен түшүндүргөн.
Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги картөшкө маселеси саясатташып кеткенин билдирген. Министр Нурбек Мурашевдин парламенттин фракция жыйынында муну ырастаган.
Апта башында Астанадан келген делегация Бишкекте жазгы сугат иштерин талкуулаган. Анда казак тарап агызылган суунун көлөмүн түз режимде көрүп туруу максатында Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарына видео көзөмөл орнотууну сунуш кылган. Кыргыз тарап ал сунушка макул болгон эмес. Андан эки күндөн кийин Астана кыргызстандык айрым айыл чарба өндүрүмүн киргизүүгө тыюу салган. (КЕ)