Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Москвада оппозиционер Борис Немцов эскерилди


Борис Немцовду эскерүү акциясы. АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман. 27-февраль, 2019-жыл. Москва.
Борис Немцовду эскерүү акциясы. АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман. 27-февраль, 2019-жыл. Москва.

АКШ, Жаңы Зеландия, Австралия, Швеция, Литва жана башка өлкөлөрдүн дипломаттары бүгүн, 27-февралда Москвада оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун мемориалына гүл коюшту.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Немцовдун өлүмүнө катышы бар бардык адамдарды жоопко тартууга чакырды. АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлүнүн орун басары Роберт Палладино журналист, жарандык активист жана оппозиция өкүлдөрүнүн укуктарын, сөз эркиндигин камсыздоо чакырыгы менен орус өкмөтүнө кайрылды.

Бейшембиде Орусиянын бир нече шаарында Борис Немцовду эскерүү акциялары өтөт.

Өткөн жекшембиде бир катар шаарларда, анын ичинде Москва менен Санкт-Петербургда маркумду эскерүү акциялары болду.

Немцовду 2015-жылдын 27-февралында Москванын борборунда, Кремлге жакын жерде атып кетишкен. Анын өлүмү боюнча иште Чеченстандын беш тургуну күнөөлүү деп табылып, 20 жылга чейинки мөөнөттө абакка кесилген. Бирок саясатчыны өлтүрүүгө буюртма бергендер табыла элек.

XS
SM
MD
LG