Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Индия Кашмирде учагы кыйраганын ырастады


Кашмирде кыйраган индиялык учактын калдыгы. Кашмир, Будгам. Индия. 27-февраль, 2019-жыл

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Равиш Кумар 27-февралда Нью-Делидеги маалымат жыйында соңку чыңалууда индиялыктардын бир, пакистандыктардын бир учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Равиш Пакистанда жайгашкан "Жаиш-е-Мухаммед" террордук тобунун кол салууларына жол бербөө үчүн Индия алардын лагерине абадан сокку ургандан кийин Исламабад 27-февралда чабуул жасаганын, бирок алардын мизи кайтарылганын кошумчалады. Анын айтымында, Индиянын кыйраган учагынын учкучу Гималай аймагында пакистандык учактардын соккусунда дайынсыз жоголгон.

- Пакистан учкуч алардын колунда экенин айтты. Биз аны тактап жатабыз, - деди Равиш Кумар.

Буга чейин Пакистан Индиянын аскердик эки учагы шаршембиде Кашмирди экиге бөлүп турган чек ара тилкесинен учуп өтүп, Пакистандын аба мейкиндигине киргенде атып түшүрүлгөнүн жарыялаган. Эки учактын бири Кашмирдин Исламабадга баш ийген аймагында, экинчиси Индияга караштуу бөлүгүндө кыйраганын айткан.

Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү Асиф Гафур колго түшкөн эки учкучтун бири ооруканага жаткырылып, экинчиси камалганын билдирген.

Бирок «Reuters» агенттиги учактагы эки учкуч мерт болгонун, кыйроо маалында бир жайкын тургундун өмүрү кыйылганын өз булактарына таянып жазып чыкты.

Кийинчерээк Исламабаддын өкүлү "Твиттерге" Пакистан армиясында индиялык бир учкуч гана бар экенин жазды.

Бир күн мурда Индия Пакистандын аймагындагы «​террорчулардын лагерине»​ сокку урганын жар салган. Буга 14-февралда Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө кеминде 41 полиция кызматкеринин өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу себеп болгон. Бул үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы «Жаиш-е-Мухаммад» тобунун жоочулары моюнга алышкан. Индия Пакистанды «согушкерлерди таптап жатат» деп күнөөлөсө, расмий Исламабад айыптарды четке кагып келет.

Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган талаштуу Кашмирдин айынан чатакташып келе жатышат.

XS
SM
MD
LG