Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Пакистан Индиянын эки учагын атып түшүргөнүн билдирди


Индиянын чек арачысы Пакистан менен чектеш аймакта. 26-февраль, 2019-жыл.
Индиянын чек арачысы Пакистан менен чектеш аймакта. 26-февраль, 2019-жыл.

Пакистан Кашмирде Индиянын эки аскердик учагын атып түшүргөнүн, эки учкучун кармаганын билдирди.

Расмий Исламабад маалымдагандай, Индиянын аскердик учактары шаршемби күнү Кашмирди экиге бөлүп турган чек ара тилкесинен учуп өтүп, Пакистандын аба мейкиндигине киргенде атып түшүрүлгөн. Эки учактын бири Кашмирдин Исламабадга баш ийген аймагына, экинчиси Индияга караштуу бөлүгүндө кыйраган.

Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү Асиф Гафур колго түшкөн эки учкучтун бири ооруканага жаткырылып, экинчиси камалганын «Твиттерге» жазды. Бирок «Reuters» агенттиги учактагы эки учкуч мерт болгонун, кыйроо маалында бир жайкын тургундун өмүрү кыйылганын өз булактарына таянып кабарлап жатат.

Индия бийлиги Пакистандын маалыматын ырастай элек. Ошол эле кезде Индиянын армиясы Пакистандын F-16 учагын атып түшүргөнүн «​Times of India»​ маалымдады.

26-февралда Индия Пакистандын аймагындагы «​террорчулардын лагерине»​ сокку урганын жарыялаган. Буга 14-февралда Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө кеминде 41 полиция кызматкеринин өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу себеп болду. Бул үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы «Жаиш-е-Мухаммад» тобунун жоочулары мойнуна алышкан. Индия Пакистанды «согушкерлерди таптап жатат» деп күнөөлөсө, расмий Исламабад айыптарды четке кагып келет.

Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган талаштуу Кашмирдин айынан чатакташып келе жатышат.

XS
SM
MD
LG