Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Пакистан Индия экөөнө ортомчу болууга БУУдан жардам сурады


Пакистандын премьер-министри Имран Хан. 18-сентябрь, 2018-жыл.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан. 18-сентябрь, 2018-жыл.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Кашмирдеги ондогон индиялык аскердин каны төгүлгөн окуяга анын өлкөсүнүн эч кандай тиешеси жок экенин айтып, тирешүүнү токтотуш үчүн Индияны сүйлөшүүгө чакырды.

Хандын айтымында, Индия “далилсиз эле Пакистанга доомат артып жатат” жана анын өкмөтү Нью-Дели менен талаштуу Кашмир аймагындагы кол салууну иликтөөдө кызматташууга даяр. “Эгер Пакистандын ал ишке аралашканы тууралуу кынтыксыз далилдериңер болсо, бизге да бергиле. Биз тиешелүү чара көрөбүз”, – деди Имран Хан.

“"Индиядан Пакистан сабак алышы керек" деген сөздү угуп жатабыз”, – деди Хан. “Пакистан кантип жооп берүүнү ойлонбойт. Биздин жооп даяр. Бизге башка арга калтырбай жатасыңар”.

Мурдарак Пакистандын тышкы иштер министри Бириккен Улуттар Уюмуна Индия менен тирешти деэскалация жасоого жардам сурап кат жазган.

18-февралда Исламбад Нью-Делидеги элчисин кеңешүүгө чакырткан.

Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу Кашмир аймагында эки жолу куралдуу кагылышуу болду. Анын биринде Индиянын полиция күчтөрүнүн 10 кызматкери жана армиянын жоокерлери курман болду.

18-февралдагы кагылышта Индиянын кеминде эки жоокери, анын ичинде жогорку аскер офицери жана карапайым жаран курман болду. Бир нече күн мурун бул талаштуу аймакта жанкечтинин жардыруусунан 41 полиция кызматкери набыт болгон.

XS
SM
MD
LG