Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Кашмирдеги кырдаалдан улам Пакистан Индиядагы элчисин чакыртты


Индиянын армиясынын жокоерлери Камирдин түштүгүндө, 18-февраль, 2019-жыл.
Индиянын армиясынын жокоерлери Камирдин түштүгүндө, 18-февраль, 2019-жыл.

Өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн ортосундагы тирештен улам Пакистан Нью-Делидеги элчисин кеңешүүгө чакыртты.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мохаммад Файзал "Твиттер" баракчасына “Биз Индиядагы жогорку комиссарыбызды чакырттык. Ал бүгүн эртең менен Нью-Делиден жолго чыкты” деп жазды.

Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу Кашмир аймагында эки жолу куралдуу кагылышуу болду. Анын биринде Индиянын полиция күчтөрүнүн 10 кызматкери жана армиянын жоокерлери курман болду.

18-февралда кагылышта Индиянын кеминде эки жоокери, анын ичинде жогорку аскер офицери жана карапайым жаран курман болду. Бир нече күн мурун бул талаштуу аймакта жанкечтинин жардыруусунан 41 полиция кызматкери набыт болгон.

14-февралда болгон жанкечтинин жардыруусунан көп өтпөй Индиянын Тышкы иштер министрлиги Исламабаддан Пакистанды база катары пайдаланып келген "террорчуларды жана террордук топторду колдоону токтотууга" чакырды.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан “Жаиш-и-Мухаммед” радикал тобу өз мойнуна алды. Бул соңку он жыл ичинде аталган аймакта болгон эң кандуу калаба болуп калды.

Окуяны Индиянын премьер-министри Нарендра Моди айыптап, "террорчу уюмдар жана аларга буйрук бергендер чоң ката кетиришкенин, бул үчүн жооп беришерин айткым келет" деп билдирди.

Британиянын оторчулугу аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар үстөмдүк кылган аймактын айынан жаңжалдашып келатышат. Кашмир кошуналар ортосунда бөлүнгөнү менен ар бири ал жерди толугу менен өзүнүкү деп эсептейт.

Буга чейин ири теракт Кашмирде 2016-жылы болгон. Согушерлер Индия армиясынын лагерине чабуул койгондо 20дан ашуун аскер окко учкан.

XS
SM
MD
LG